Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 28.11.2019 12:43

«Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору»: Салтанаттуу жабылыш аземде кандай иш-чаралар өтөт?

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  «Ош шаары – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык долбоорунун жабылыш аземине карата Ош шаарында 29-30-ноябрь күндөрү майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Программа: 29-ноябрь

- 13:50 — «Ак-Ниет» сейил багында «ТҮРКСОЙ» стеласынын салтанаттуу ачылыш аземи;

- 14:40 — Ош шаарына келген конокторду «Сулайман-Тоо» музейи менен тааныштырып, саякат уюштуруу;

- 16:30 — Ош мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында өзбек тилине которулган «Манас» китебинин бет ачары.

30-ноябрь

- 09:30 — Ош шаарындагы мейманкананын жыйындар залында «ТҮРКСОЙ» эл аралык уюмуна мүчө мамлекеттердин туруктуу кеңешинин 37-отурумунун салтанаттуу ачылышы;

- 14:30 — «ТҮРКСОЙ» эл аралык уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 37-отурумунун жабылышы;

- 17:00 — Борбордук аянтта коноктор жана шаар тургундарына арналган концерттик программа;

- 18:00 — Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын 2-кабатында Ош шаарында өткөн сүрөтчүлөрдүн жолугушуусунда тартылган эмгектердин жана Ашык Вейселдин сүрөт көргөзмөсүнүн расмий ачылышы;

- 18:30 — С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында «Ош шаары — 2019-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык долбоорунун жабылыш аземи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×