Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 28.11.2019 11:47

Оштогу мектеп-гимназия алгачкылардан болуп электрондук күндөлүккө өттү. Ата-энелердин пикири

Turmush -  Ош шаарында эң алгачкылардан болуп М.В.Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясы электрондук күндөлүккө өттү. Бул тууралуу аталган мектептин директору Гүлмира Осекеева билдирди.

Анын айтымында, электрондук күндөлүк аркылуу окуучулар мектепке келгенден баштап кайра чыгып кеткенге чейин ата-эненин жана мугалимдин көзөмөлүндө болот.

«Коопсуз мектеп» долбоорунун негизги пайдалуу жактары — үйдө отурган ата-энелер балдарынын мектепке качан келип, саат канчада кеткенин, сабакты кайсы мугалим өтүп жатканын, баласынын бааларын, үй тапшырмаларды электрондук күндөлүк аркылуу байкап турат. Ал үчүн ата-энелер Bal.kg (Бал.кж) деген тиркемени көчүрүп алышы керек. Ар бир окуучунун жашыруун сандары болот. Ата-энелерге балдарынын жашыруун сандарын бергенбиз. Жада калса чет өлкөдө жүргөн ата-энелер да балдарынын мектептеги абалы менен тааныша алышат. Ошондой эле кайсы мугалимдин кечигип келгенин, кимиси суранып кеткенин билип турсак болот. Долбоорду ишке ашыруу үчүн ар бир окуучудан 20 сомдон топтоп, чип жасатып бергенбиз. Ошол чип аркылуу мектепке кирип-чыгышат», - деди Гүлмира Осекеева.

Бирок электрондук күндөлүктүн пайдасы жок экенин айткан ата-энелер дагы бар. Алардын бири Бегимай Момбекова чөнтөк телефонуна балдары жөнүндө эч кандай маалымат келбей жатканын билдирди. Окуучулар жана мугалимдер мектепке кирип же чыгып бара жатканда күзөтчүгө көрсөтүп, анын колундагы чөнтөк телефон аркылуу каттатып турушу керек. Ошондой эле конокторго берилүүчү атайын чиптер дагы жасалган.

«М.В.Ломоносов мектебинде эки балам окуйт. Мугалимдер айткан "Бал.кж" тиркемесин көчүрүп алгам. Бирок мага эч кандай маалымат келген жок. Азыр мектепке балдарыма келсем, күзөтчү жок экен. Балдар эркин кирип-чыгып жүрүшөт. Алар чиптерди колдонушкан жок. Ошондуктан ата-энеге “балаң мектептен чыгып кетти” деген билдирүү барбайт. Андан көрө балама телефон чалганым оң болуп жатат. “Эмне үчүн чипти күзөтчүгө көрсөткөн жоксуң?” десем “күзөтчү ордунда жок экен” деп келет. Менин оюмча бул бир жеке ишкердин эле бизнеси. Бизге пайдасы деле жок. Көпчүлүк ата-энелер тиркемени түшүнүшпөйт», - деди Бегимай Момбекова.

Аталган тиркемени мыкты өздөштүрүп, ал аркылуу баласы жөнүндө маалыматтарды алып жаткан ата-энелер да жок эмес. Алардын бири Толгонай Бекташова тиркеме тууралуу айтып берди.

«М.В.Ломоносов мектебинде бир кызым окуйт. Бал.кж тиркемесин көчүрүп алгам. Ал аркылуу мектепте жүргөн балаң тууралуу маалыматтарды үйдө отуруп алып билсең болот экен. Бала кандай баа алып, мектепке жетип, кайсы учурда чыгып кеткени тууралуу билдирүүлөр саатына чейин телефонума келип турат. Күндөлүккө жазылгандай эле сабактардын жадыбалы онлайн жазылган. Үйгө кандай тапшырма берилгени да жазылат экен», - деди Толгонай Бекташова.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Авазбек Асановдун айтымында, электрондук күндөлүк сыяктуу программалар мектептерге ата-энелердин макулдугу менен гана коюлат.

«Буга чейин аталган мектепте ата-энелердин чогулушу өткөрүлгөн. Ал жерде электрондук күндөлүккө өтүү боюнча макулдашуу болгон. Ай сайын ар бир окуучудан 20 сомдон чогултулат. Ошондой шарттарга ата-энелер макул болгондон кийин бул долбоор ишке ашты. Биз ар бир мектепке милдеттүү түрдө өткүлө же өткөрөбүз деп шарт коё албайбыз. Бал.кж — жеке менчик ишкананын автордук тиркемеси. Азырынча мамлекет мектептерди мындай программалар менен камсыздап берет деген сөздөр айтыла элек», - деди Авазбек Асанов.

М.В.Ломоносов мектебинде 2130 бала билим алат. Мектеп 1928-жылы 275 окуучуга ылайыкташып курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×