Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 28.11.2019 09:33

Ошто көмүр канча сомдон сатылууда?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарындагы жеке компаниянын отун базасында көмүрдүн 1 килограммы 4 сом 80 тыйындан сатылууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Кечээ, 27-ноябрда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаарындагы өкүлдөрү менен бирге шаардагы «Пэрити-Коал» ЖЧКнын отун базасына барышкан. Ош шаарынын Фуркат айылында жайгашкан «Пэрити-Коал» ЖЧКнын отун базасында 1 кг көмүр 4 сом 80 тыйындан сатылып жатканы белгилүү болгон. Аталган компаниядан 1 аптанын ичинде шаардын Манас-Ата кичи районунда да көмүр сатуучу жай ачыларын билдиришкен.

«Ошондой эле өз алдынча көмүр саткан жеке ишкерлер көмүрдү 5,5-6 сомдон (1 кг) жогору баада сатып жаткандыгы аныкталды. Мэриянын өкүлдөрү аларга көмүрдүн баасын көтөрбөө тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү», - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×