Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 27.11.2019 19:19 На русском

Подполковник чек арадагы бүдөмүк иштерди айтып берди. Жетекчиси дооматтарды четке кагууда. Видео

Turmush -  Ош облусундагы «Эркештам» жана «Достук» көзөмөл-өткөрүү бекеттериндеги кызматкерлер туристтерден 200 доллар жана 600 доллар алышкан. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгынын чек ара көзөмөлүн уюштуруу бөлүмүнүн подполковниги Талгат Аланов «АКИпресс-Ошто» өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ал чек ара кызматкерлеринин мындай иш-аракеттери мыйзамга туура келбей турганын айтууда.

«2003-жылдан бери чек ара кызматкери болуп иштеп келе жатам. 2017-жылы Чүй облусундагы "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү бекетинин башчысы болуп иштечүмүн. Анан Жалал-Абад облусундагы "Маданият" көзөмөл-өткөрүү бекетине которулдум. Ал жакта иштеп жүргөндө подполковник наамын алып, Ошко учурдагы кызматыма дайындашты. Мен Баткен облусундагы "Кызыл-Бел" бекетин көзөмөлдөп турган мезгилде Баткендеги базардан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Баткен облусундагы кызматкери мени бирөө менен тааныштырган. Тааныштырган адам прапорщик Жумакеев болчу. Ал мени Баткен шаарындагы 4 кабаттуу имаратка алып барды. Ал имараттын 4-кабатында өзү үй-бүлөсү менен жашап, 2-кабатында башка батири бар экен. 2-кабаттагы батиринде сүйлөшүп отурдук. Ал адегенде эле сиз менен сүйлөшөйүн дедим эле деп кеп баштады. Анан баланча башчыга "Жип" унаасын алып бергем деп, "Кызыл-Бел" бекетин да көзөмөлдөп берүүмдү кыйытты. Бирок мен макул болгон эмесмин. Ошол Жумакеев учурда пенсия курагына келип калганына карабай иштеп жатат. Экинчи факт боюнча — түндүктөгү чек ара кызматкерлеринин дайындоолорун Алпамышев деген тейлейт. Мен Таласка которулуп жактанда Алпамышев чалып, сен Таласка которулуп жатыптырсың, ал жакка эмес, Баткен облусундагы "Кызыл-Бел" бекетине бар деди. Анан ошол жакка бардым. Үчүнчү факты боюнча — биз "Эркештам" көзөмөл-өткөрүү бекетине текшерүүгө бардык. Унаалардын мөөнөтүн текшеришибиз керек болчу. Барсак, унаалардын мөөнөтүн текшерген курам жок болуп чыкты. Анан мен капитан Кожошевден "мөөнөттү текшере турган курам кайда?" деп сурасам, ал бөлүмдүн башчысына айтып, бөлүм башчы Мамлекеттик чек ара кызматынын биринчи орун басарынын агасы болорун айтты. Мага орой сүйлөдү. Мен тиешелүү жерге кайрылып, мага орой кайрылганы үчүн жумуштан четтетиш керек деген сунуш бердим. Аталган прапорщик Карыбеков пенсия курагына келип калса дагы иштеп жүрөт. 2019-жылы жай айында Сары-Ташта президенттин катышуусунда ири аскердик машыгуу болуп өткөнүн билесиңер. Биз ошол жакта кызмат өтөгөнбүз. 7 күнгө барышыбыз керек болчу. Ал жактагы көзөмөл-өткөрүү бекетинде 2 күн иштедик. Устав боюнча уруксаты жок жаранды бекеттен өткөрбөйбүз. Туризм министрлигинин Ош облусу боюнча кеңешчиси мага Германиядан келген туристтерден 200 доллар акча алыптырсыңар деп чалды. Өздүк курамдан сурасам, алган жокпуз дешти. Бул маалыматты тактоо үчүн кайра кеңешчиге чалып, "өзүңүз тактап бериңиз. Кайсы бекеттен алыптыр?" дедим. Ал тактап берди. Кийин акча алган офицерди да таптык. Ал алганын мойнуна алды. Бирок акчаны бирөөгө бердим, аны айтпай эле коюңуз деди.

Кийин бизди "Чалканга" жөнөтүштү. Ал жакта чабандардын документтерин текшердик. Алар бизге 20 чакты кой алып келип, "документке кой чогултчу эмес белеңер, аласыңарбы? Өзүңөр алып кетесиңерби же биз жеткирип берелиби?" дешти. Аларга кой албайбыз, документтериңерди оңдогула деп түшүндүрдүм. Ушул эле жылдын жай айында "Ош" эл аралык аэропортун текшерип жүргөндө баягы туризм министринин кеңешчиси чалып, "Достук" бекетинен кытайлыктардын дипломатиялык унаасындагы жарандардан 600 доллар алыптырсыңар деп чалды. Андан мурун эле кеңешчи ошол кытайлык жарандарды чек арадан өткөрүп коюуну өтүнгөн. Мен "Достук" бекети менен байланышып, карап койгула деп эскерткем. Мен дайындаган адам жумуштары менен башка жакка кетип калып, чек ара кызматкерлери кытайлык жарандардан 620 доллар алып коюшуптур. Ал жерде видеокамералар бар. Мен териштирип, ким алганын тапкам. Акчаны кайра кеңешчиге кайтарып бергенбиз. Бирок кийин күнөөсү жок кызматкер жумуштан алынып, чыныгы күнөөлүү алынган жок», - деди Талгат Аланов.

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Адылбек Сейдалиев айтылган дооматтарды четке какты. Ал кол алдында иштеген кызматкердин маалымат жыйын уюштурганын чагымчылдык деп атады.

«Подполковник Талгат Аланов Бишкекте да ушундай маалымат жыйын уюштурганын билесиздер. Биринчиден — анын маалымат жыйын уюштурганы үчүн кечирим сурайбыз. Көп маалыматтарды айтыптыр. Анын ар бирин белгилеп кетели. "Эркештам" өткөрмө бекетиндеги офицер пенсия курагына келсе да иштеп жүрөт деп айтыптыр. Биздин өзүбүздүн ички эрежелерибиз бар. Анын негизинде пенсия курагына келген кызматкер 3 жылга чейин жумушун узартып койсо болот. Ал жерде Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысынын орун басарынын туугандары иштейт деген маалымат да айтылды. Эми тууганы экен деп эле иштебей койсунбу? Армияда кызмат өтөп, иштесе болот да. Сары-Таштагы аскердик машыгуу учурунда өткөрмө бекетте иштедим деген маалымат жалган. Ал өткөрмө бекет эмес болчу. Кой чогултуу боюнча маалыматтар да чындыкка дал келбейт. Биз чабандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Анан "Достук" чек ара бекетиндеги окуяга анын тиешеси жок. Аны башка бирөө иликтеген. Биз Т.Аланов боюнча тиешелүү органдарга кайрылабыз», - деди А.Сейдалиев.

Ошондой эле Ош шаарында чек арачыларга курулуп жаткан көп кабаттуу үй боюнча да маалымат берилди.

«Мен батирлерди бөлүштүрүү боюнча комиссиянын мүчөсүмүн. Бизде тааныш-билиш аркылуу батирлерди берүү деген жок. Комиссиянын чечими менен гана батир берилет. Ага эч ким кийлигише албайт», - деди комиссиянын мүчөсү Эрнур Биримкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×