Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 27.11.2019 18:13 На русском

Прокурордун өлүмү: Мелис Калыков өмүр бою эркинен ажыратылды

Мелис Калыков
Мелис Калыков

Turmush -  Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган облустагы капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Мелис Калыков өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунан билдиришти.

Бүгүн, 27-ноябрь күнү Ош шаардык сотунда М.Калыковдун кылмыш иши каралып, сот аны өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган.

Буга чейин 6-ноябрда Ош шаардык соту Мелис Калыковдун баш коргоо чарасын карап, камакта кармоо мөөнөтүн 2 айга узарткан. Шектүүнүн жакындары чечимге канааттанбай, Ош облустук сотуна кайрылышкан.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда капталдарында кандын тактары болгон.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

19.04.2019Баткендеги прокурордун өлүмү: Экспертизанын жыйынтыктарында күмөндүү жагдайлар бар, - шектүүнүн жактоочулары
07.05.2019Чыр менен башталган сот: Баткендин прокурорунун өлүмү боюнча биринчи отурумдун күнү белгилүү болду (видео)
22.05.2019Баткендеги прокурордун өлүмү: Соттук отурумда жаңжал чыкты. Видео
22.05.2019Прокурор А.Мамажакыповдун өлүмү: Судья менен шектүү кайым айтышты. Видео
07.06.2019Прокурор А.Мамажакыповдун өлүмү: Сот отуруму кайым айтышуу менен башталды. Видео
10.06.2019Прокурор А.Мамажакыповдун өлүмү: Окуя болгон күнү тартылган сүрөттү интернетке ким тараткан? (толукталды)
10.06.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Ичилген арак, «Лексус 470» жана прокурордун чалуусу тууралуу көрсөтмөлөр. Видео
19.06.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тойдо прокурорлорду тейлеген. Орун басардын көрсөтмөсү. Видео
25.06.2019«Мелис, айланайын, каякта?»: Прокурор М.Калыбеков маркум жетекчисин кантип издешкенин айтып берди. Видео
02.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тоодо «Ауди» болгонун прокурордун эсине салды. Видео
03.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Прокурордун орун басары маркумдун денесин атайын аппарат менен издеген. Видео
16.08.2019Прокурордун өлүмү: Кылмышка шектелген М.Калыковдун жакындары акцияга чыгышты. Видео
13.11.2019Прокурордун өлүмү: М.Калыковдун баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакта калтырылды
15.11.2019Прокурордун өлүмү: М.Калыковдун жакындары облустук сотко кайрылышты
19.11.20184 баласы калды: Киши колдуу болгон прокурор Анарбай Мамажакыповдун өмүр баяны
06.08.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү Мелис Калыков сот отурумуна катышуудан баш тартты
07.08.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү Мелис Калыковдун жакындары митингге чыгышты. Видео
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×