Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 27.11.2019 17:41

Ошто электр энергиясы үчүн туумдарды кечүү акциясы жарыяланды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кыргыз Республикасынын энергетикасынын 85 жылдыгына карата «Ош электр» ачык акционердик коому электр энергиясына болгон туумду кечүү акциясын жарыялайт. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Акция 25-ноябрдан 25-январга чейин жүргүзүлөт. Тургундар жана бюджеттик мекеме-ишканалар электр энергиясына болгон карызды 100 пайыз төлөгөндөн кийин карыз үчүн эсептелген туумдар жоюлат. Акцияга катышуу үчүн арыз менен райондук электр ишканасына жана Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесине кайрылуу керек.

Толук маалымат алуу үчүн 03222 8 25 15, 151, 0777 90 90 76 (WhatsApp) номурлары аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×