Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 27.11.2019 17:19

Кыргызстанда ВИЧ илдети менен жабыркагандардын саны 9 миңге жакындады

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Республикалык СПИД борборунун расмий маалыматына караганда, ушул жылдын 1-ноябрына карата ВИЧ инфекциясын жуктурган 8 миң 919 кыргызстандык каттоого алынган. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрь күнү Ош шаарында өткөрүлгөн СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча маалымат жыйында айтылды.

Жыйынга Ош шаарынын жана Ош облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координаторунун орун басары Шарапат Кожобекова, Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Элмира Нарматова, ошол эле борбордун психологдору Мухамеддиор Ахмеджанов жана Жанаткан Муратова катышты.

Элмира Нарматованын айтымында, быйыл бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү «Коом мааниге ээ» деген ураандын алдында өткөрүлүп жатат.

«ВИЧ инфекциясы менен жабыркаган адамдар Бишкек шаарында көп катталган: 1725 киши же өлкө боюнча катталгандардын 13,3 пайызы, Ош шаарында: 1131 киши же 12,7 пайыз, Ош облусунда: 1520 киши же 17,0 пайыз, Чүй облусунда: 2990 киши же 33,5 пайыз, Баткенде: 226 киши же 22,5 пайыз, Ысык-Көлдө: 283 киши же 3,2 пайыз, Нарында: 175 киши же 2 пайыз жана Таласта: 133 киши же 1,5 пайыз.

Ош облусунун бардык райондорунда ВИЧ инфекциясына кабылгандар бар. Ушул жылдын 1-ноябрына карата Кара-Суу районунда 868 киши, Ноокатта 313, Алайда 57, Өзгөндө 170, Араванда 51, Кара-Кулжада 54, Чоң-Алай районунда 6 киши каттоого алынган. Түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгында ВИЧ илдетине чалдыккандардын саны 2018-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге азайган», - деди Эльмира Нарматова.

Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун психологу Мухамеддиор Ахмеджанов 1-ноябрдан 1-декабрга чейин Ош облусунун борбордук базарларында жана райондорунда тургундардын шилекей аркылуу ВИЧ илдетине кабылып же кабылбаганы текшерилгенин билдирди.

«Ош шаарынын борбордук базарларын кыдырып, 307 адамды, Кара-Суу районунда 100дөн ашык адамды текшерүүдөн өткөрүп, анын жыйынтыгында ВИЧ илдетин алып жүргөн жашоочулар катталган жок. Ноокат районундагы калкы көп айыл өкмөттөрдөгү миңден ашуун жашоочуну текшерип, 1 кишинин ВИЧ илдетин алып жүргөнү белгилүү болгон. Учурда мектептерде жана университеттерде, 5 миң жашоочуга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 2 миң жашоочуга китепчелер таркатылган. ВИЧ илдетин жугузуп алган жаран өз убагында дары-дармектерди кечиктирбей ичип жүрсө, инфекция башка адамга жукпайт», - деди Мухамеддиор Ахмеджанов.

Ал ВИЧ илдетин алып жүргөн ата-энелердин балдары мектептерге, бала бакчаларга кабыл алынбаган учурлар катталганын кошумчалады.

«ВИЧ илдетин алып жүргөн ата-энелер дарыларды өз убагында ичип турса, алар да башкалар сыяктуу дени сак балалуу боло алышат. Учурда райондогу мектептер менен тыгыз байланыштабыз. Анткени ал жакта бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонууну билбей, жыныстык катнашта болгондор бар. Ошолор менен тыгыз иштешип, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Мындан сырткары айыл өкмөт, айылдык ден соолук комитеттери менен иш алып барабыз», - деди М.Ахмеджанов.

ВИЧ илдетин чет өлкөлөрдөн жугузуп келгендердин саны өлкөдө ВИЧ илдети менен ооругандардын 40 пайызын түзөт. Быйыл Ош шаарында 37, Ош облусунда 65 киши ВИЧ илдетин сырттан жугузуп келген. Жыл башынан бери Ош шаарында ВИЧ илдетин жугузуп алган 6 аял төрөгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×