Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 27.11.2019 13:38 На русском

«Жарака бар»: Оштогу чуу жараткан көп кабаттуу үйдү бузуу иштери токтотулду

Turmush -  Бүгүн, 27-ноябрда Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын А.Масалиев проспектисинде курулуп жаткан көп кабаттуу үй бузулушу керек болчу. Бирок бузуу иштери токтотулду. Бул тууралуу мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Пирматов билдирди.

Анын айтымында, бузуу иштери Жогорку соттун токтомунун негизинде токтотулган.

«Буга чейин Ош шаардык сотунун чечимине ылайык, көп кабаттуу үй мыйзамсыз курулуш болгонуна байланыштуу курулуш компания өз эсебинен жерди мурдагы калыбына келтириши керек болчу. Ош облустук соту да шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган. Соттун чечиминин негизинде бузуу иштерин жүргүзгөнбүз. Курулуштун ээлери өзүбүз бузабыз дегенинен аларга 1 ай убакыт берилген. Бирок ага карабай курулуш иштери уланып келген. Бүгүн мыйзамсыз курулушту бузуу үчүн келгенбиз. Курулуш компаниянын юристи Жогорку соттун бузуу иштери токтотулсун деген токтомун алып келди. Бул иш Жогорку сотто 14-январдан баштап кайра каралат», - деди Алтынбек Пирматов.

«Евростиль» курулуш компаниясынын юристи Сагынбек Чымынов, курулушка тиешелүү бардык документтер бар экенин, эгерде уруксат берилбесе курулуш иштери башталмак эместигин айтты. Ал соттук териштирүү иштери аягына чыкканча бузуу иштери убактылуу токтотулганын кошумчалады.

Ош шаардык экотехинспекциянын жетекчиси Ырысбек Юсупов, аталган көп кабаттуу үй жараксыз экенин билдирди.

«Бул компания курулуш иштерин баштаганга чейин бизге каттоого турушу керек болчу. Бирок каттоого турган эмес. Каттоого тургандан кийин биз курулуш иштерин көзөмөлдөмөкпүз. Мэрия тарабынан алгачкы бузуу иштери жүргүзүлгөндө курулуштун алдыңкы негизги тирөөчтөрүнөн бир нече жарака кеткен. Эгерде курулуш аяктап, көп кабаттуу үй бүткөрүлгөн учурда да, үй жараксыз деп табылат», - деди Ырысбек Юсупов.

Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Ырысбай Токоев «Евростиль» курулуш компаниясынын архитектуралык уруксат кагаздары жок экенин билдирди.

«Масалиев №64 дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу үй мыйзамсыз. Себеби биз тараптан берилүүчү эч кандай документтер жок. Биз 6 пункттан турган талаптарды койгонбуз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин талаптарды аткарып, документтерин көрсөтүшкөн жок. Биз ишти Мамэкотехинспекцияга өткөрүп бергенбиз. Биздин милдетибиз — архитектуралык иш казаздары жок болсо, тиешелүү органдарга кайрылуу. Андан башка чара көрө албайбыз», - деди Ырысбай Токоев.

Учурда көп кабаттуу үйдүн дубалы 7 кабатка чейин көтөрүлгөн. Ош шаардык мэриясы курулуш иштери 4-кабатка жеткенде бузуу иштерин жүргүзүп, токтоткон. Ош шаардык сотунун кызматкери Замирбек Берназаровдун айтымында, соттук териштирүү иштери жүрүп жаткан учурда курулуш иштери токтоп турушу керек болчу.

----------------------------------------------------

Буга чейин Жогорку сот Ош шаарынын А.Масалиев проспектисинде мыйзамсыз курулуп жатат делген көп кабаттуу үйдүн ишин карап, аны кайра карап чыгуу жөнүндө чечим Ош шаардык сотунун жана Ош облустук райондор аралык сотунун өкүмүн жокко чыгарган.

Ал эми жергиликтүү тургундар А.Масалиев проспектисинде мыйзамсыз курулуп жатат делген көп кабаттуу үйдүн курулушу кайра жанданганын билдиришип, сүрөттөрдү интернетке жарыялашкан.

Буга чейин Turmush басылмасы 13 кабаттуу үйдү мыйзамсыз куруп жаткан «Евростиль» курулуш компаниясынын жетекчилигинин суранычы менен мэрия менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн жазган. Анын жыйынтыгында курулушту «Евростиль» компаниясынын өкүлдөрү өздөрү бузмай болушкан.

Turmush басылмасы Ош шаарында А.Масалиев көчөсүндөгү №64 көп кабаттуу үй мэрия тарабынан бузулуп жатканын жазган. Ошондой эле аталган үй курулуп жаткан аймакта тектоникалык жарака бар экени айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×