Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 27.11.2019 12:38

ОшТУда студенттер интеллектуалдык мелдеште күч сынашты (сүрөт)

Turmush -  Ош технологиялык университетинде интеллектуалдык мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

«Акыл ордо» аталышындагы интеллектуалдык оюн кечээ, 26-ноябрь күнү ОшТУнун Технологиялык колледжинде өткөрүлгөн. Иш-чара — студенттердин интеллектуалдык жана логикалык ой-жүгүртүүсүн жогорулатуу, окуу жайга болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулган. Мелдешке жалпы 7 команда катышып, 1-орунду «Шамдагай», 2-орунду «Айкөл», 3-орунду «Казына» командасы алды. Жеңүүчүлөргө грамота жана баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×