Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 27.11.2019 11:44

ОГПИ: Акысыз курстар ачылып, ректордун жардамчысы студенттер менен маектешти

Turmush -  Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда орус тили боюнча акысыз курстар ачылды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Акысыз курстар институттун ректору Б.Зулуевдин демилгеси менен ачылган. Долбоорду кыргыз-орус факультетинин 4-курсунун студенти Аида Атабаева жетектеп, жаңы усулдар менен түзүлгөн программанын негизинде сабак өтүп жатат.

Акысыз курстарга жазылууну каалаган студенттер көп болуп, алар үй-бүлөлүк жана социалдык шартына жараша колдоо көрсөтүү максатында тандалып алынган. Учурда 30 студент 2 тайпага бөлүнүп, күнүнө 2 саат сабак алып жатышат.

Ошондой эле кечээ, 26-ноябрда окуу жайда «Студенттин сынагына сынбайсыңбы?» иш-чарасы өткөрүлдү. Анын алкагында окуу жайдын мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тарбия иштери боюнча ректордун жардамчысы Назымов Мунар Бурханович конокто болуп, студенттердин суроолоруна жооп берип, тапшырмаларын аткарды.

Иш-чаранын соңунда Мунар Назымов мыкты суроо берген студенттерге белектерди ыйгарып, уюштуруу тобуна ыраазычылык билдирди.

Иш-чара ОГПИнин башталгыч класстардын педагогикасы жана мамлекеттик тил кафедрасы менен жаштар комитети тарабынан уюштурулуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×