Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Ош облусу, Ош 26.11.2019 17:05

Ошто үй-жайы жок адамдарга жардам берүү үчүн 100 миң сом бөлүндү

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаарында селсаяктарды камсыздоого 100 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмү билдирди.

Быйыл кышка карата Ош шаардык мэриясы тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен туруктуу жашаган жери жок жарандарды коомго адаптациялоо жана реинтеграциялоо багытындагы долбоорду ишке ашырууга коомдук фондго 100 миң сом бөлүндү. Анын алкагында коомдук фонд 60 селсаякка кызмат көрсөтүүгө милдеттеме алган. Фонд кайрылган жарандарга 1 маал ысык тамак берип, аларды гигиеналык каражаттар жана кечинде жата турчу жай менен камсыздайт. Ошондой эле селсаяктардын документтерин калыбына келтирүү, аларга спирт ичимдигинен арылуусуна жардам берип, инсандык өнүгүү тренингдерин уюштуруп, социалдык жактан корогоо иштерин жүргүзүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×