Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 26.11.2019 13:27

ОшТУда СПИДге каршы күрөшүү боюнча талкуу өттү (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 25-ноябрь күнү Ош технологиялык университетинде 1-декабрь — СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата талкуу уюштурулду. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Иш-чара ОшТУнун Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин кыздар кеңеши тарабынан өткөрүлгөн. Талкуу «Көрүнбөгөн көз жаштар!» аталышында уюштурулган. Иш-чарага Ош облустар аралык тери-венерологиялык диспансеринин жетекчиси Майрамкан Шарипова, Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун акушер-гинекологу Жанара Шамурзаева, Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун дарыгери Адилет Бурканов катышып, ой-пикирлери менен бөлүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×