Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Ош облусу, Ош 26.11.2019 10:34

Ошто көмүр кымбаттадыбы? Өкүлчүлүктүн жообу

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош облусундагы көмүр казуучу карьерлерде көмүрдүн орточо баасы 2 сомду түзүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Өкүлчүлүк Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмү менен биргеликте Ош облусунда көмүрдүн баасы кымбаттап кетти деген маалыматты такташты. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, бүгүнкү күндө Алай районундагы «Пэрити-Коал» ЖЧКнын шахтасында көмүрдүн 1 килограммы 3,2 сомдон, Кара-Суу районундагы «Жол-Чырак» ЖЧКнын шахтасында 2 сомдон 4 сомго чейин, ошол эле райондун Фуркат айылындагы «Пэрити-Коал» ЖЧКнын отун базасында 4,8 сомдон, Ноокат районундагы «Алмалык Ком» ЖЧКнын шахтасында 2,5 сомдон 4 сомго чейин, Өзгөн районундагы «Абыке» ишканасынын шахтасында 1 сомдон 3 сомго чейин, «Мамат Компани Кульдамбес» ишканасынын шахтасында 2,5 сомдон, Чоң-Алай районундагы «Турдумамат» ишканасынын карьеринде 2 сомдон сатылууда.

25-ноябрга карата Ош облусунда катталган 116 көмүр сатуучу жайда 1 кг көмүрдүн баасы 1,8 сомдон 6 сомго чейин болууда:

- Алай районундагы орточо баа 5,5 сом

- Араванда 4,5 сомдон 5,8 сомго чейин

- Кара-Кулжа районунда 5,7 сомдон 6 сомго чейин

- Кара-Суу районунда 4,5 сомдон 6 сомго чейин

- Ноокат районунда 4 сомдон 6 сомго чейин

- Өзгөн районунда 3,8 сомдон 6 сомго чейин

- Чоң-Алай районунда 3,5 сомдон 5 сомго чейин.

Облуста Сүлүктү шаарынын көмүрү 8 сомдон сатылууда. Өкүлчүлүк белгилегендей, бул көмүрдү көбүнчө коммерциялык багыттагы кафе, ашканалар колдонушат, ошондуктан баасы кымбат. Ал эми тургундардын көпчүлүгү аталган көмүрдү пайдаланышпайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×