Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 25.11.2019 17:42

Айыл турмушу: Бузулган тиричилик техникаларын оңдоп, кайра саткан уста К.Маркабаев күнүнө канча киреше табат?

Turmush -  52 жаштагы Калысбек Маркабаев 4 жылдан бери Ош шаарынын борбордук базарында устачылык менен алектенет. Ал кир жуугуч машина, муздаткыч, чаң соргуч, сыналгы, жылытуучу мештерди, кыскасы тиричилик техникаларын оңдоп киреше табат. Калысбек Маркабаев менен аймактык кабарчы маектешти.

Өзүнүн айтымында, буга чейин ар кандай жумуштарда иштеген. Россияга да барып эмгектенип келген. Кесиби боюнча электрик. К.Маркабаев башында бир аз кыйналса да азыр жумушун мыкты өздөштүргөнүн билдирди. Ал бузулган тиричилик буюмдарын сатып алып, кайра оңдоп сатат.

«Азыр кардарларым дагы көбөйүп калды. Күнүнө орточо эсеп менен 500-1000 сомго чейин табам. Тапкан акчам күнүмдүк жашоого жетет. Оңдоо үчүн тетиктерди базарлардан эле алам же бири-бирине кураштырам. Азыр суук түшкөндүгүнө байланыштуу көбүнчө үй жылытуучу мештерди оңдоткону алып келип жатышат», - деди уста.

Анын айтымында, устачылык менен алектенип калышына бир тууган иниси түрткү болгон. Анткени Калысбек мырза үйүндөгү бузулган бардык буюмдарды өзү оңдоп койгондуктан, иниси ага ушул жумуш менен алектенүүнү сунуштаган.

Анын устаканасында 90-жылдарга таандык сыналгылар сакталып келет. Алардын эскилиги жетип калса дагы сатып алган адамдар бар экенин айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×