Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 25.11.2019 17:20 На русском

Оштун жашоочуларын индиялык дарыгерлер акысыз текшерип жатышат. Видео

Turmush -  Ош шаарында 23-ноябрь күнү Индиядан келген дарыгерлер тургундарды акысыз медициналык кароодон өткөрүштү. Бул тууралуу кайрымдуулук фонддун жетекчиси Медер Сапарбаев билдирди.

Мындай иш-чара буга чейин Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында өткөрүлгөн.

«Соңку учурларда боор, бөйрөк оорулары көп катталып, кыргызстандыктар Индия мамлекетине барып, түшкө кирбеген акчага операция жасатып жатышат. Иш-чаранын максаты — ооруп жаткан жарандарды Кыргызстанда эле текшерип, тиешелүү жерлерге өз убагында кайрылууга мүмкүнчүлүк түзүү. 2 жылдын ичинде 20дан ашуун адамды өтө чоң акчага Индияга алып барып операция жасаттык. Бейтаптар оору өтүшүп кеткенде дарыгерлерге кайрылып жатышат. Ошону алдын алуу максатында ушул ишти баштадык. Буюрса келечекте күчтүү дарыгерлер менен өлкөнүн ар бир облус, райондоруна барганга аракет кылабыз», - деди Медер Сапарбаев.

Индиялык дарыгерлер тургундардын нерв, бөйрөк, боор жана сөөк-муун ооруларын текшерип жатышат. Алардын катарындагы профессор, доктор Шайлендра Кумар абасы, суусу таза өлкөнүн жарандары ден соолугуна жакшы кам көрсө оорубайт деген пикирин айткан.

«Эгерде Кыргызстанда операция жасоого толук шарт түзүлүп, жабдыктар менен камсыздалса, ушул жактан бейтаптарга операция жасай беребиз. Ошондо акча каражаты аз сарпталмак», - деди Шайлендра Кумар.

Ош шаарында 1 күндө 150гө жакын адам акысыз текшерүүдөн өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×