Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 25.11.2019 21:00 На русском

Ошто окуучулар арасында интеллектуалдык мелдеш өттү (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында окуучулар арасында интеллектуалдык мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык жаштар комитетинен билдиришти.

23-ноябрь күнү Ош шаарынын №3 Керме-Тоо муниципалдык жана Жапалак айыл аймактык башкармалыктарынын мектеп окуучулары арасында «Билерман ордо» интеллектуалдык оюну өткөрүлдү. Иш-чара Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети, «Билерман ордо» интеллектуалдык клубу менен биргеликте «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагынын алкагында уюштурулду.

Мелдешке жалпы 13 мектептин окуучулары катышып, жеңүүчү аталган командалар диплом, медаль, китептер менен сыйланышып, активдүү катышкан командаларга ардак грамота жана атайын белектер тапшырылды.

Жеңүүчүлөр:

- 1-орун — №52 Кыргыз-Түрк орто мектеби;

- 2-орун — С.Алымкулов орто мектеби;

- 3-орун — П.Нишанбаев орто мектеби.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×