Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 25.11.2019 20:00 На русском

Сүрөт — Ак карга бөлөнгөн Ош шаары

Turmush -  Ош шаарында кечээ, 24-ноябрда алгачкы кар жаап, сейил бактар, дарактар, гүлдөр, турак үйлөр жана заңгыраган имараттар ак түскө боёлду. Шаар тургундарынын айтымында, быйыл түнү менен жааган биринчи кар өткөн жылдагы биринчи карга салыштырмалуу кеч жаады.

Учурда шаардык муниципалдык ишканалар штаттык режимде иштеп жатат. Жолдорго кум, туз себилди.

«Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Жылдызбек Көчкөновдун айтымында, түнү менен жааган кардан улам эртең менен жолдордо муз тоңуп, айрым айдоочулар унаасынын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырбагандыктан тыгын жаралган. Кум, туз себүү иштерине 4 техника жана 93 тонна кум, туз каралган.

«Баракелде» басылмасы бүгүн, 25-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлө турганын жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×