Ошто дүкөнгө кирген 2 кыз кийимдерди көтөрүп кетишти (сүрөт)
Turmush - Ош шаарындагы дүкөнгө кирген 2 кыз кийимдерди көтөрүп кетишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга дүкөндүн ээси Жамийла Турдалиева билдирди.
Анын айтымында бүгүн, 25-ноябрь күнү Ош шаарынын Масалиев проспектисинде жайгашкан дүкөндөрдүн бирине 2 кыз барып, бул жердин ээсин тааныйбыз деп кийим-кечектерди көтөрүп чыгып кетишкен.
«Мен бүгүн Бишкекте болчумун. 2 кыз мени тааныйбыз дептир. Бул тууралуу телефон аркылуу милицияга кабар бердим. Ошко барганда арыз жазам», - деди Ж.Турдалиева.
Дүкөндө иштеп жаткан сатуучу Шириндин айтымында, окуя саат 13:40 чамасында болгон.
«Жамийла экөөбүз ушул дүкөндү иштетебиз. 2 кыз келип, Жамийла бизге акча карыз деп кийимдерди алып кетип калышты. Ал кыздарды Жамийла тааныбайт экен. Милиция кызматкерлери да келишти», - деди Ширин.
Ош ШИИБден ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышканын билдиришти.