Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 25.11.2019 14:34 На русском

Ошто тааныштарын алдап кеткен уюшкан кылмыштуу топтун 2 мүчөсү кармалды (сүрөт)

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаарында алдамчылыкка шектелген уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Ушул жылдын 13-июнь күнү Ош ШИИБге Төлөйкөн кичи районунун 1988-жылы туулган тургуну Э.М. арыз менен кайрылган. Ал Ч. аттуу таанышы январь айында 4000 доллар алып, кайра бербей жүргөнүн билдирген. Арыздын негизинде Ош ШИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгында ушул жылдын 19-ноябрында Ош шаарынын 1981-жылы туулган тургуну А.Ч. кармалган.

Ошондой эле 19-ноябрь күнү Ош ШИИБге Ош шаарынын 1984-жылы туулган тургуну А.С. арыз менен кайрылып, ушул жылдын май айында таанышы Т. анын ишенимине кирип, 43 миң 600 сомдук курулуш материалдарын алып кетип, акчасын ушул күнгө чейин бербей качып жүргөнүн билдирген. Анын негизинде Ош шаарынын 1978-жылы туулган тургуну А.Т. колго түшүрүлгөн.

Кармалган эки адам тең уюшкан кылмыштуу топтуп мүчөлөрү катары каттоодо турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×