Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 25.11.2019 12:20

Оштогу алгачкы кар: Жол тайгак болуп, тыгын жаралды. Видео

Turmush -  Ош шаарында «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы борбордук көчөлөргө кум, туз себүү иштерин баштады. Бул тууралуу аталган ишкананын жетекчисинин орун басары Жылдызбек Көчкөнов билдирди.

Шаарда кечээ, 24-ноябрь күнү кечинде кар жаап баштаган. Жылдызбек Көчкөновдун айтымында, түнү менен жааган кардан улам эртең менен жолдордо муз тоңуп, айрым айдоочулар унаасынын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырбагандыктан тыгын жаралган. «Ош-Тазалык» ишканасына Ак-Буура дарыясынын оң тарабындагы жолдорду кардан тазалоо милдети жүктөлүп, учурда борбордук көчөлөргө кум, туз себүү иштери уланып жатат. Аталган ишкана шаардын 110 чакырым жолун тейлейт. Ал үчүн 4 техника жана 93 тонна кум, туз каралган.

Бүгүн, 25-ноябрда социалдык тармактын колдонуучусу Ош шаарындагы Масалиев жана Курманжан датка көчөлөрүн бириктирген чоң көпүрөнүн абалын жана ал жакта эки унаа кагышканын жазып, видеосун жарыялаган. Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Рашид Сыдыков жол кырсыктары жөнүндө маалымат келип түшпөгөнүн билдирди.

«Түндө жааган кардан кийин бизге шаар ичиндеги жеңил жана оор кырсыктар боюнча маалыматтар түшкөн жок. Буга чейин ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан айдоочуларга эскертүүлөр берилип, дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Учурда Ош шаарынын көчөлөрүнүн ар бир кесилишинде биздин кызматкерлер айдоочулардын коопсуздугун көзөмөлдөп жатышат», - деди Рашид Сыдыков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×