Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 25.11.2019 10:43 На русском

Бишкек—Ош каттамындагы учак аэропортко коно албай, кайра артка кайткан

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кечээ, 24-ноябрь күнү «Ош» эл аралык аэропортунда тумандын кесепетинен бир учак коно албай, кайра артка кайтууга аргасыз болгон. Бул маалыматты «Ош» эл аралык аэропортунун башчысынын орун басары Мирлан Нишанбаев тастыктады.

Анын айтымында, кечээ Ош—Бишкек каттамындагы учак аэропортко коно албай, кайра Бишкек шаарына учуп кеткен. Бирок түштөн кийин башка учак аэропортко тоскоолдуксуз конгон.

Учурда аэропорт штаттык режимде иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×