Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 24.11.2019 09:00 На русском

«Камкордук» рейди: Ошто 96 өспүрүмгө чара көрүлдү (сүрөт)

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош облусунун аймагында кароосуз калган өспүрүмдөр үчүн «Камкордук» аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБ билдирди.

20-21-ноябрь күндөрү Ош облусунун аймагында ОИИБдин кызматкерлери социалдык коргоо, билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте мектепке барбаган, кароосуз калган же жумушка тартылган өспүрүмдөрдү аныктоо максатында рейд баштаган. Анын жүрүшүндө 86 жай текшерилди:

- 31 соода сатык жайлары;

- 17 жер төлө жана жылуулук түтүктөрү жайгашкан жерлер (теплотрасса);

- 18 компьютердик жана интернет клубдар;

- 20 башка жайлар.

Рейддин алкагында 46 өспүрүм борбордук базарларда тилемчилик кылып жүргөндүгү аныкталды. Ал эми 20 өспүрүм ар кандай жумуштарда иштеп жүрүшкөн. Сабакка барбай жүргөн 15 өспүрүм аныкталып, алар кайра мектептерине кайтарылды. Облус боюнча жалпы 96 балага чара көрүлүп, 73 бала жөнүндө маалыматтар билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, прокуратура, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка тийиштүү мекемелерге жөнөтүлгөн.

- Кароосуз калган өспүрүмдөрдүн саны — 28;

- ата-энесинен ажырагандар — 2;

- Турмуш шарты оор үй-бүлөдө жашагандар — 3;

- Мектепке барбагандар — 12;

- Базарларда, башка жайларда эмгектенгендер — 9;

- Ата-энеси ажырашып кеткендер — 15;

- Ата-энеси мигрант балдар — 17;

- Ички мигранттардын балдары — 10.

Ошону менен катар облустагы билим берүү мекемелеринде «Балдар — биздин келечегибиз!», «Келечек жаштардын колунда!», «Биз кылмыштуулукка жол бербейбиз!», «Зомбулукка жол жок!», «Кылмыштын арты – өкүнүч!» аталышындагы флешмобдор уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×