Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 23.11.2019 12:49

ОГПИде китеп жармаңкеси өтүүдө (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 23-ноябрда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда китеп жармаңкеси өтүп жатат. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Иш-чара Бишкек шаарындагы китеп дүкөндүн жана окуу жайдын китепкана бөлүмү менен биргеликте уюштурулду. Жармаңкедеги китептер арзан баада сатылып, окутуучулар жана студенттер үчүн керектүү жаңы китептерди сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жармаңкенин максаты — китепкөй адистердин жана студенттердин катарын кеңейтүү. Иш-чара бүгүн кечки саат 17:00гө чейин уланат.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×