Алайдын 44 жаштагы тургуну изделип жатат
Turmush - Алай районунун 44 жаштагы тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, ушул жылдын 8-ноябрь күнү Алай районунун Таш-Короо айылынын тургуну Улан Жумабаев болжол менен кечки саат 20:00 чамасында үйүнөн белгисиз жакка чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес.
Өзгөчө белгилери: боюнун узундугу 165-170 см, чачы кара жана кыска, көздөрү кара, мурду узун жана чоң, бетинин түзүлүшү чап жаак, кашы кара.
Кийген кийимдери: боз куртка, кара түстөгү спорттук шым, кара түстөгү өтүк.
Улан Жумабаевди көргөн-билгендер болсо, Алай РИИБге төмөнкү номурлар аркылуу байланышса болот: (03234) 5-14-72, 0773 03 92 12, 0557 54 00 30.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком