Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 05.11.2019 11:00 На русском

ОшМУнун ректору кызматына 4 талапкер ат салышууда

ОшМУ
ОшМУ

Turmush -  Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматына 4 талапкер ат салышууда. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Бүгүн, 5-ноябрь күнү ОшМУда жаңы ректор шайланат. Уюштуруу комитети катталган талапкерлердин тизмесин жарыялады.

- Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич, 1975-жылы туулган. Учурда ОшМУнун ректорунун милдетин аткарып жатат. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент. Иш тажрыйбасы — 22 жыл;

- Кошоева Бибигүл Бейшенбековна, 1972-жылы туулган. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин техникалык институтунун телематика кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент. Иш тажрыйбасы — 16 жыл;

- Зулпукаров Алтынбек Зулпукарович, 1972-жылы туулган. Кыргыз-Өзбек университетинин сырттан окуу бөлүмү боюнча проректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент. Иш тажрыйбасы — 23 жыл;

- Эгембердиев Шайымбек Амантурович, 1967-жылы туулган. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунун социалдык, информациялык технологиялар кафедрасынын доценти.

Шайлоо саат 9:00дө башталган. Жыйынтыгы түштөн кийин чыгарылат. Ректорду окуу жайдын окутуучулары добуш берүү жолу менен шайлашат.

Буга чейин аталган окуу жайды Каныбек Исаков жетектеп келген. Ал 11-сентябрда билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×