Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 05.11.2019 10:24

ОшТУда Бүткүл дүйнөлүк акча сактоо күнү белгиленди

Turmush -  Ош технологиялык университетинде Бүткүл дүйнөлүк акча сактоо күнүнө карата лекция өтүлдү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Лекция банк кызматкерлеринин катышуусунда ОшТУнун Экономика жана башкаруу факультетинин экономика жана каржы кафедрасында окуган студенттерге окулду. Иш-чара өкмөттүн жана Улуттук банктын каржы боюнча сабатсыздыкты жоюу программасынын алкагында жана окуу менен практиканы айкалыштыруу максатында уюштурулду. Мындай иш-чараларды өткөрүү кафедранын негизги миссияларынын бири.

Бүткүл дүйнөлүк акча сактоо күнү жыл сайын 31-октябрда белгиленип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×