Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 04.11.2019 17:30 На русском

Ошто жоокерлерге унаа кырсыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында жоокерлерге жол кырсыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Бүгүн, 4-ноябрда Ош шаардык ЖКККБ тарабынан №36806 аскер бөлүгүнүн жоокерлерине шаардын аймагында болуп жаткан унаа кырсыктары боюнча, ошондой эле ал кырсыктар кайсы жол эрежелеринин бузулушунун кесепетинен чыгып жатканы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анын алкагында өспүрүмдөрдү автоунаада салып жүрүү, алар үчүн атайын отургучту колдонуу боюнча айтылып, сабак өтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×