Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 04.11.2019 17:23

Эртең Ош шаарында жылуулук берилет

Turmush -  Эртең, 5-ноябрда Ош шаарында жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Анын алкагында Ош шаардык жылуулук электр борборунун үч даана буу казандары иштеп, шаардагы 38 билим берүү, 12 саламаттыкты сактоо, 5 өнөр-жай мекемелери, 8 жогорку окуу жайы, 319 көп кабаттуу үй жана 200 жеке менчик үйлөр, 298 ар кандай мекемелер жылуулук менен камсыздалат.

Ошондой эле «Ош шаардык жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын 83 от казаны (18 от казан электр энергиясы менен иштесе, 65 от казан көмүр менен жылытылат) шаардагы 288 көп кабаттуу үйдү, 35 мектепти, 26 бала бакчаны, 11 саламаттыкты сактоо мекемесин, 9 жогорку окуу жайын, жалпы 95 мекемени жана 48 жеке менчик үйдү жылуулук менен камсыздайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×