Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 04.11.2019 11:40 На русском

Ошто сатуучу бычакталды

Turmush -  Ош шаарындагы зоологиялык дүкөндүн сатуучусу бычакталып каза болду. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 31-октябрдан 1-ноябрга караган түнү саат 23:00 чамасында Курманжан датка көчөсүндөгү дүкөндө болгон.

Ош шаардык ооруканасынан билдиришкендей, сатуучу — Ош шаарынын 1984-жылы туулган тургуну Р.М.дин жүрөгүнө бычак сайылган. Маркум ооруканага жетпей каза болгон.

Сатуучу зоологиялык дүкөндү ижарага алып, түрдүү канаттууларды сатып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×