Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 04.11.2019 09:58

Кышында Оштогу айрым батирлер толук жылыбайт. Ага акы төлөгөн тургундардын нааразычылыгы. Видео

Turmush -  Ош шаарынын Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу С.Касымбеков көчөсүндөгү №5, №3 көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары кыш мезгилинде жылуулук батареялары толук кандуу иштебей жатканына нааразы. Алардын айтымында, жылуулукту камсыз кылчу ишкана жашоочулардан төлөмдү алардан мурда жылуулуктун кандай берилип жатканын текшербейт.

№3 көп кабаттуу үйдүн жашоочусу Камила Дүйшееванын мектепке, бала бакчага барган 4 баласы бар. Ал кышында жылуулук берүүчү батареялар жакшы жылыбагандыктан кошумча жылытуучу жабдыктарды колдонууга аргасыз экенин билдирди.

«Менин батирим үч бөлмөлүү. Анын бир бөлмөсүндөгү жылуулук батареяларын атайын иштеткен жокмун. Себеби жакшы жылыбайт. Ага төлөгөн акчаны электр энергиясына төлөйм. Жылуулукка да, электр энергиясына да бирдей акча төлөйм. 1500 сом жылуулук үчүн, 600-700 сом электр энергиясына төлөнөт. Тиешелүү жерлерге кайрылганбыз, бирок жыйынтык жок», - деди Камила Дүйшеева.

№3 көп кабаттуу үйдүн дагы бир жашоочусу Айнура Абдыразакова бул маселе боюнча мэрияга арыз менен кайрылганын айтты.

«Менин үйүмдүн бир бөлмөсү жылып, экинчиси жылыбайт. Мэрияга арыз менен кайрылгандан кийин инженер келип текшерип, балдарды жөнөтөм деген боюнча кайра келген жок. Мен да кошумча электр жабдыктарын колдоном. Балдарым бар. Эки төлөмдү: жылуулук үчүн, электр энергиясына тең акча төлөө оор. Кышында электр энергиясына 1000 сомдон ашык акча төлөйм. Жылуулук үчүн дагы ошол эле акча төлөнөт», - деди Айнура Абдыразакова.

№3 көп кабаттуу үйдүн жанындагы №5 көп кабаттуу үйдүн жашоочусу Бурулкан Кыдыралиева шаарды жылуулук менен камсыздаган ишкананын кызматкерлери жылуулук кандай берилип жатканын сурап, текшерип коюшса жакшы болмок деген пикирин билдирди.

«Жылуулук батареяларын тазалатсаңар сонун ысып калат дешкенинен баарын тазалап, жаңылатканбыз. Бирок ошондо да батарея мелүүн жылып жатат. Жылуулук берилгенде текшерип көрсөңөр болот. Жылуулук үчүн батареялар ысыса, ысыбаса да акы төлөп жатабыз. Төлөбөсөң сотко берип төлөтөт», - деди Бурулкан Кыдыралиева.

«Ош шаардык жылуулук камсыздоо» ишканасынын жетекчиси Анарбай Аттокуров жогоруда айтылган маселени шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгы чече турганын айтты.

«2018-жылы С.Касымбеков көчөсүндөгү №3, №4, №5 көп кабаттуу үйлөр боюнча бизге эки жолу кайрылуу болгон. Быйыл да ошол эле үйлөрдөгү жашоочулардан эки жолу кайрылуу түштү. Биздин адистер шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыктын кызматкерлери менен бирге барып, ошол кварталдагы көп кабаттуу үйлөрдүн башчылары менен сүйлөшүп, кайсы жерди оңдоо керек экенин текшергенбиз. Биздин ишкана үйлөргө чейин келген жылуулук түтүктөрүнө жооп берет. Жер төлөдөн баштап, батирлердин ичине чейинки түтүктөргө шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгы жооп берет», - деди Анарбай Аттокуров.

Ал эми Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык чарба башкармалыгынын башкы инженери Азамат Тажиматов аталган маселе 2-3 күндүн ичинде чечиле турганын билдирди.

«С.Касымбеков көчөсүндөгү №3 көп кабаттуу үйдүн жашоочулары бизге арыз менен кайрылышкан. Ал эми №5 көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынан арыз түшкөн эмес. Мурда жылуулук системасын оңдогон усталар туура эмес оңдоп коюшкан», - деди ал.

Аталган көп кабаттуу үйдүн жашоочулары Ош шаардык тазалык ишканасына да нааразычылыгын билдиришти. Алар 22-октябрдан баштап 26-октябрга чейин 4 күн таштанды салуучу контейнерлерде таштандылар күйүп турганын айтууда. Бирок шаардык тазалык ишканасы же аймактык кеңештин өкүлдөрү ага көңүл бурушкан эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×