Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 02.11.2019 17:00 На русском

Ошто «Алай» жана «Нефтчи» клубдарынын футбол боюнча мелдеши өттү

Turmush -  Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарында «Алай» клубу менен жакында Кыргызстандын кубогун уткан Кочкор-Ата шаарынын «Нефтчи» клубунун футбол боюнча мелдеши өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, биринчи таймда талаа ээлери болгон «Алайдын» оюнчулары чабуулдарды уюштурса да гол киргизе алышкан жок. Тескерисинче каршы чабуулдан мыкты пайдаланган «Нефтчи» клубунун оюнчулары чабуулчу Азамат Өмүралиевдин голунан кийин алдыга чыкты. Экинчи бөлүктө атаандаштар курч оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында оюн 3:2 эсебинде «Алайдын» пайдасына аяктады.

«Алай» клубу турнирдик жадыбалда 2-орунда бара жатат. Анын негизги атаандашы «Дордой» клубу Кант шаарынын «Абдыш-Ата» клубун жеңип, упайын 63кө жеткирип лидерликти бербей келет. «Алайдын» бүгүнкү жеңишинен кийинки упайы 59га жетип, 2-орунда турат. «Нефтчи» бүгүнкү оюнда упай жоготсо да, турнирдик жадыбалдын 3-сабында бара жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×