Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 01.11.2019 16:51

Ошто үч эм төрөлдү

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаарында үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Зейнеп Исраилова билдирди.

Анын айтымында, үч уулду 28 жаштагы Наврузхан Хомиджонова жарык дүйнөгө алып келген.

«Наврузхан Хомиджонова 28-октябрда төрөдү. Биринчи уулу 1 кг 770 гр, экинчиси 2 кг 690 гр, үчүнчүсү 2 кг 855 гр салмак менен төрөлдү. Учурда эне менен балдарынын абалы жакшы», - деди З.Исраилова.

Дарыгер Ош шаардык төрөт үйүндө жыл башынан бери алтынчы ирет үч эм төрөлгөнүн кошумчалады.

Наврузхан Хомиджонова Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургуну. Үч эмден сырткары 2 кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×