Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 01.11.2019 15:06

Кыргыз милициясына 95 жыл: Оштогу параддан фоторепортаж

Turmush -  Бүгүн, 1-ноябрда Ош шаарынын борбордук аянтында кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата майрамдык парад өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын алкагында бир катар милиция кызматкерлери ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Иш-чарага шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош ОИИБдин башчысы Малик Нурдинов, Ош ШИИБдин жетекчиси Мурат Боронов, жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, укук коргоо жана сот органдарынын өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле мэрия тарабынан укук коргоо органдарынын 73 ардагерине 1000 сомдон акча каражаты бөлүндү. Ал эми Ош ШИИБ ишинде өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине орден жана наамдарды тапшырды.

Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнү 1924-жылдын 1-ноябры.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×