Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 01.11.2019 14:46

Сүрөт — Ошто кыргыз милициясынын 95 жылдыгы белгиленүүдө

Turmush -  Ош облусунда кыргыз милициясынын 95 жылдыгы белгиленүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 1-ноябрь күнү өлкө боюнча кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Майрамдык салтанат кызмат учурунда курман болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айкелдерине гүл чамбарларды коюу менен башталып, аларга багышталып куран окулду.

Андан соң Ош шаарынын борбордук аянтында майрамдык парад өттү. Параддагы даярдыктар боюнча Ош ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Салмоорбек Шералиев доклад берди. Аны Ош ОИИБдин башчысы Малик Нурдинов кабыл алды.

Парадга Ош ОИИБдин, ИИМдин Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын, ИИМге караштуу Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын, атайын багыттагы «Шумкар» полкунун, Ош шаарындагы ички аскерлер бөлүгүнүн өздүк курамдары тартылган. Майрамдык иш-чаранын алкагында атайын багыттагы «Шумкар» полкунун жоокерлери күжүрмөн даярдыктарын көрсөтүштү. Майрамдын биринчи бөлүгү милиция кызматкерлеринин салтанаттуу саптык жүрүшү менен аяктады.

Экинчи бөлүк Ош облустук администрациясынын жыйындар залында уланды. Анын жүрүшүндө өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов айрым милиция кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле ИИМдин, Ош ОИИБдин жана башка мамлекеттик мекеме-ишканалардын сыйлыктары ээлерине ыйгарылды. Катышуучуларга концерттик программа тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×