Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 01.11.2019 13:33 На русском

«Алтымыш жетиңер шаарды титиретип коёсуңар»: Ошто тамактануучу жайлардагы тазалык талкууланды. Видео

Turmush -  30-октябрда Ош шаарында өткөн коллегиялык жыйында коомдук жайлардагы тазалык маселеси талкууланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун айтымында, ашкана, кафе, ресторандардагы тазалык санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербей жатат.

«Шаардын ичиндеги кафелерге кирсең, чайнегин көрүп таң каласың. Ажатканасын айтпай эле коёюн. Ашканасында тамак жасалып жаткан жерде таштандылар төгүлгөн. Иштебей эле отурасыңар. Шаардын тазалыгын карабайсыңарбы. 67 кызматкер жарым саатка көчөгө чыксаңар тазалыкты иретке келтирип коймоксуңар. Ашканаларды таза деп жазып коёсуңар», - деди мэр.

Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана Ош шаары боюнча мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчисинин орун басары Өмүрбек Мурзалиев 2021-жылга чейин мораторий жарыяланганын, ага чейин бир дагы тамактануучу жайлар текшерүүгө алынбай турганын билдирди.

«Ишкерлерди колдоо максатында 2018-жылы 17-декабрда өкмөттүн №586 токтому чыккан. Анын негизинде 2021-жылга чейин текшерүүгө мораторий киргизилген. Мындан улам биз аларды (кафе, ашкана) өз алдыбызча текшерүүгө ала албайбыз. Бирөө арыз менен кайрылганда гана текшере алабыз. Шаарда жөнөкөй адамдардын кафеси жок. Текшерүүгө барганда чалуулар башталат», - деди Ө.Мурзалиев.

Т.Сарыбашов тамактануучу жайларды текшерүүгө алууга мэрия тарабынан мыйзам чегинде буйрук чыгарып берүүнү сунуштады.

Быйыл 9 айдын жыйынтыгы менен Ош шаардык санэпидемстанцияга 39 арыз түшкөн. Анын ичинен 18 арыз коомдук тамактануучу жайлар боюнча. Жалпысынан 72 жаранга айып пул салынып, 521 миң сом өндүрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×