Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 31.10.2019 15:59

Оштогу 3 облустун тургундарын тейлеген оорукана кышка даярбы? Видео

Turmush -  Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасында эскилиги жеткен сырткы жылуулук түтүктөрү жаңыланууда. Жумуштар ушул жылдын 18-октябрында башталып, учурда 70 пайыз иштер аткарылды. Бул тууралуу оорукананын башчысынын уюштуруу-усулдук иштери боюнча орун басары Гүлмира Аттокурова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө оңдоо иштери уланууда. Ага республикалык бюджеттен 400 миң сом бөлүнүп берилип, жумуштарды бүтүрүүгө 20 күн берилген. Ооруканадагы жылуулук түтүктөрүнүн жалпы узундугу 760 метр болсо, быйыл анын 380 метри жаңыланат. Гүлмира Аттокурова оорукана курулгандан бери жылуулук түтүктөрү алмаштырылбаганын дагы кошумчалады.

«Кыш мезгили жакындап, суук түшүп баштаганына байланыштуу жылуулук түтүкчөлөрүн оңдоп баштадык. Негизи оорукананын бардык жерине, ар бир бөлмөсүнө жылуулук берүүгө толук шарттар түзүлгөн. Өзүбүздүн от казаныбыз жок, жылуулук муниципалдык ишкана тарабынан берилет. Жылуулук түтүктөрүнүн эскилиги жетип, жыл сайын оорукананын бюджетинин эсебинен оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп келгенбиз», - деди дарыгер.

Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы жыйынында 3 облусту тейлеген Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын жылуулук түтүктөрүндө, канализациясында көйгөйлөр бар экени айтылган.

Аталган оорукананын имараты 1978-жылы курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×