Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 31.10.2019 14:50 На русском

А.Мамажакыповдун өлүмү: Сот отурумунда видео материалдарды көрүп башташты

Мелис Калыков
Мелис Калыков

Turmush -  Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Мелис Калыковдун сот отурумунда видео материалдар көрүлүп баштады. Бул тууралуу шектүүнүн жактоочусу Асылбек Күңгуров билдирди.

Кечээ, 30-октябрда кезектеги сот отуруму өткөн. Анын жүрүшүндө Мелис Калыковдун жактоочулары судья Жолборс Кудаяровго ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн. Бирок судья алардын өтүнүчүн канааттандырган жок.

«Сот отурумунда күндүн жарымына чейин кылмыш китебине тиркелген видео материалдар каралды. Күндүн экинчи жарымында отурумга бара алган жокмун. Анткени ооруп калдым. Отурумду М.Калыковго мамлекет тарабынан берилген жактоочу улантмак. Бирок М.Калыков андан баш тартып, отурум 1-ноябрга жылдырылды», - деди А.Күңгуров.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда капталдарында кандын тактары болгон.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×