Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 30.10.2019 17:45 На русском

А.Мамажакыповдун өлүмү: Сот отуруму 1-ноябрга жылдырылды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 30-октябрда Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Мелис Калыковдун сот отуруму жылдырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шектүүнүн эжеси Дарика Калыкова билдирди.

Анын айтымында, отурумда М.Калыковдун жактоочулары судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн. Ошондой эле М.Калыковдун жактоочулары жана туугандары Судьялар кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына ишти карап жаткан судья Жолборс Кудаяровдун үстүнөн арыз жазышкандыгы белгилүү болду.

Сот отурумуна маркум прокурордун жакындарынын жактоочусу катышкан жок. Бирок Анарбай Мамажакыповдун мыйзамдуу өкүлү катары анын атасы, жубайы жана агасы катышты.

Сот отуруму 1-ноябрга жылдырылды.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда капталдарында кандын тактары болгон.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×