Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 30.10.2019 16:22

ОшТУнун студенттери Намангандагы мелдештен ийгиликтүү кайтышты (сүрөт)

Turmush -  Ош технологиялык университетинин студенттери Өзбекстандын Наманган шаарында өткөн эл аралык мелдеште байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

25-октябрдан 29-октябрга чейин Наманган шаарында стол үстүндөгү теннис боюнча эл аралык мелдеш өтүп, ага Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстандын студенттери катышты. ОшТУдан барган курама команда, тактап айтканда окуу жайдын студенттери Роза Исмаилова кыздар арасында 3-орунду, Хикматилла Гафуров мырзалар арасында 3-орунду ээлешкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×