Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 30.10.2019 16:10

Спорттук мелдештер, 80 жылдык маараке: Кыргыз-Өзбек университетиндеги жаңылыктар топтому

Turmush -  24-25-26-октябрь күндөрү Көз карандысыз аккредитация жана рейтинг боюнча агенттигинин (НААР) өкүлдөрү Кыргыз-Өзбек университетинде болушту. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Коноктор 24-октябрда окуу жайдын жалпы эмгек жамааты менен жолугушкан соң университеттин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев жана проректорлор менен маектешти.

«Эл аралык көз карандысыз аккредитация жана рейтинг боюнча агенттигинен аккредитациядан өтүү үчүн 2 жылдан бери даярданып келгенбиз. Аталган агенттиктен Казакстан, Латвиядагы жумуш берүүчүлөр, 9 эксперттик курам келип, өз ишин башташты. 3 күндүн ичинде өзүбүздү инcтитуционалдык жана программалык аккредитациядан өтүү боюнча сынадык.

Университеттин негизги максаты – аккредитациядан ийгиликтүү өтүү жана окуу жайдагы билим берүүнүн сапатын көрсөтүү. Университеттин бардык концептуалдуу программаларын иштеп чыгып, анын миссиясын, стратегиялык өнүгүү пландарын карап чыктык. Буюрса аккредитациядан ийгиликтүү өтөбүз деген ишеничтебиз», - деди окуу иштери боюнча проректор, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Топчубай Исаков.

Көз карандысыз аккредитация жана рейтинг боюнча агенттигинин өкүлдөрү сабактарга катышып, андан соң кафедралардын иш-кагаздары менен таанышып чыгышты. 25-октябрда студенттер, жетекчилер, бүтүрүүчүлөр, иш берүүчүлөр менен маектешип, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен таанышты. Комиссиянын иши 26-октябрь күнү жыйынтыкталды.

-----------------------

8-октябрда Кыргыз-Өзбек университетинде коомдук ишмер, дипломат жана окумуштуу Батырали Сыдыковдун 80 жылдык мааракесине арналган республикалык илимий-практикалык конференция өттү.

Илимий конференцияга Б.Сыдыковдун замандаштары, чогуу иштешкен кесиптештери, туугандары, жакын санаалаштары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин өкүлдөрү катышты. Конференцияны ректор, профессор Чаткалбай Райымбаев ачты.

Иш-чаранын жүрүшүндө докладдар окулуп, сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Сыдыков Батырали Сыдыкович 1939-жылы 27-октябрда Кара-Суу районуна караштуу Мады айылында туулган. 1968-жылы Москвадагы Ветеринардык академиясын аяктаган. 1979-1982-жылдары Ош облустук партия комитетинде айыл чарба бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 1990-1993-жылдары Ош облусунун тунгуч губернатору болгон.

-----------------------

Ошондой эле студенттерди сергек жашоого үндөө жана университеттин курама командаларына мыкты спортчуларды тандоо максатында спартакиада уюштурулду. Спорттук иш-чара жыл сайын 1-курста окуган студенттердин арасында өтүп келет. Быйыл октябрь айынын соңку жумасында волейбол, кичи футбол, стол үстүндөгү теннис, баскетбол, шахмат, тогуз коргоол жана ордо оюндары боюнча мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөр сыйланды.

-----------------------

18-октябрда Ош шаарында өткөн аралаш уруш ( ММА) боюнча мелдеште ийгиликке жетишкен окуу жайдын Экономика факультетинин 1-курсунун студенти өзбекстандык Эшенкулов Асриддинге чемпиондук кур тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×