Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 30.10.2019 15:29 На русском

Ошто укук коргоо органдарынын кызматкерлери интеллектуалдык сынакта күч сынашты (сүрөт)

Turmush -  Ош облусунда кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата интеллектуалдык сынак уюштурулду. Бул тууралуу Ош ОИИБ билдирди.

Интеллектуалдык сынакка Ош облусунун укук коргоо органдарынын 9 командасы катышты. Алар ушул жылдын 1-январынан колдонууга киргизилген жаңы мыйзамдар жана кодекстер, мамлекеттик түзүлүш жана мамлекеттик башкаруу формалары, Кыргызстандын тарыхы, кыргыз милициясынын тарыхы боюнча суроолорго жооп беришти.

Жыйынтыгында 1-орунга Ноокат РИИБдин командасы, 2-орунга УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгы жана 3-орунга Ош шаардык адвокатурасы ээ болду.

Сынак логикалык суроолор жана шаңдуу ырлар менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×