Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 30.10.2019 13:37

ОшТУда Хэллоуин майрамы белгиленди

Turmush -  Ош технологиялык университетинде Хэллоуин майрамы белгиленип, жаш дизайнерлердин эмгектери көрсөтүлдү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

ОшТУнун технологиялык колледжинин кийимдердин технологиясы жана дизайны кафедрасындагы студенттер мода борбордун директору Асылжан Камбарова жана мода үйүнүн директору Назгүл Каарова менен жолугушту. Иш-чаранын негизги максаты — студенттерге стимул берүү жана окууга болгон кызыгуусун арттыруу.

Ошондой эле окуу жайда Хэллоуин майрамы белгиленди. Майрамдык иш-чара америкалык борбор тарабынан уюштурулуп, ага студенттер жана окутуучулар катышты.

Хэллоуин — Ирландия жана Шотландиядагы байыркы кельттердин* майрамы. Тарыхы азыркы Улуу Британия менен Түндүк Ирландиянын аймагынан башталат. Салттуу түрдө ал 31-октябрдан 1-ноябрга караган түнү белгиленет.

*Кельттер — тили жана материалдык маданияттары жагынан окшош индоевропалык уруулар, байыркы заманда Батыш жана Борбордук Европанын кеңири аймагын ээлешкен.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×