Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 30.10.2019 10:56

Үйүнүн ашканасында жашаган көзү азиз Т.Жакшыбаеванын турмушу жана тынчы жок батири. Видео

Turmush -  Көзү азиз Токтокан Жакшыбаева 7 жылдан бери Ош шаарынын Анар кичи районундагы майыптар үчүн берилген көп кабаттуу үйдөгү батирде жашап келет. Ал үй алганга чейин бир тууган эжеси менен чогуу шаардагы Жаштар көчөсүндө жашачу. Бул тууралуу Т.Жакшыбаева өзү аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, учурда эжесинин 25 жаштагы кызы эки баласы менен анын батиринде жашап, ага тынчтык бербей жатышат.

«Өзүм Кара-Суу районунун Сары-Колот айылында төрөлгөм. Бир кыз төрөгөм, бирок ал чарчап калган. Эжем экөөбүз жакшы эле жашап жүргөнбүз. Бирок анын кызы эки баласы менен мага тынчтык бербей жатышат. Кызы жини келгенде апасына да кол көтөрөт. Үйүмдөгү идиш-аяктарды талкалап салат. Алар 1 бөлмөлүү үйдүн залына жайгашып алышкандыктан, мен ашканага көчүп алгам. Мага каралаша турган кошуналарым, жолдошум бар. Жолдошумдун 4 аялы бар, күндөшүм менен 1-кабатта жашап, мага каралашып турушат. Эжеме үйдөн чыгып кеткиле дедим, алар эми Бишкекке кетебиз деп жатышат. Кызы 2-класста окуган баласын мектептен чыгарып алды. Балдарын эшикке чыгарбайт, үйдө отура беришет. Туугандарым келип менден кабар алып турушат», - дейт Токтокан Жакшыбаева.

Ал үйүндөгү кир жуучу машинаны, муздаткычты пенсиясына алганын, эки үй-бүлөнүн тамак-ашы эки бөлөк даярдаларын айтты. Ал эми анын бир тууган эжесинин кызы учурда Т.Жакшыбаеванын үйүндө жашап жаткан Мээримгүл Камилова таежесине жолдошу жана күндөшү таасир этип жатканын билдирди.

«Апамдар 5 бир тууган. Көп жылдан бери апам карап келди (Т.Жакшыбаеваны). Ызылдай турчу көп балам жок. Жолдошум акча жөнөтсө, апамды алып Сокулукка кетем. Баламды да мектептен чыгарып, даярданып жатабыз», - деди М.Камилова.

Аталган №18 көп кабаттуу үйдүн башчысы (домком) Нышанбай Кариев Т.Жакшыбаеванын турмуш шарты начар экенин, М.Камилова баласын мектепте окутпай жатканын билдирди.

«Майыптар үчүн берилген көп кабаттуу үйдө 45 үй-бүлө жашайт. Баары эле тынч жашашат, бир гана Токтокан Жакшыбаева кыйналды. Эки жолу бир туугандарына алып барып келдим. Алар ооруканага жаткырабыз дешет, бирок аларга муну менен эле маселе чечилбей турганын айттым. Эжеси сөздү түшүнгөн эле аял, бирок кызына күчү жетпей жатат. Мээримди Ош шаарындагы психикалык ооруканага эки жолу жаткырганбыз. Менин да көзүм көрбөйт, кайда барып арызданыш керек экенин билбейм. Анын үстүнө М.Камилова баласын мектепке жөнөтпөй, баланын укугу бузулуп жатат», - дейт Нышанбай Кариев.

Аймактык кабарчы Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылганда, ал жактан аталган үй-бүлө тууралуу маалымат түшпөгөнүн, бул маселе териштириле турганын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×