Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 30.10.2019 10:32

Сүрөт — ОГПИде «Таланттарды издейбиз—2019» кароо-сынагы өтүүдө

Turmush -  Ош гуманитардык-педагогикалык университетинде «Таланттарды издейбиз—2019» кароо-сынагы өтүүдө. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Жыл сайын өтүүчү сынак 1-курстун студенттеринин ичинен таланттуу студенттерди тандоо, аларды коомдук-маданий иштерге тартуу максатында уюштурулуп келет. Учурда сынактын экинчи айлампасы өтүп жатат.

Кароо-сынак үч этаптан турат. 1-айлампада окуу жайдын бөлүмдөрү, 2-айлампада факультеттери ат салышып, калыстар тобунун тандоосу менен тандалган мыкты студенттер 3-айлампага катышууга жолдомо алышат. Жобого ылайык катышуучулар фольклор, көркөм окуу, эстрадалык, алып баруучулук өнөр, хореография программалары боюнча өздөрүнүн чыгармачылык чеберчиликтерин жана таланттарын көрсөтүшүүдө. Тандалып алынган студенттер сынакты жыйынтыктоочу гала-концертте дагы өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, жеңүүчүлөр окуу жайдын атайын сыйлыктары: диплом, грамота жана баалуу белектери менен сыйланышат.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×