Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 29.10.2019 22:00

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы: Оштогу илимий конференциядан фоторепортаж

Turmush -  Ош шаарында саясий жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өттү. Анын алкагында коноктор Т.Усубалиевдин эмгек жолуна арналган сүрөт көргөзмөсү менен таанышып чыгышты.

Ошондой эле автобиографиялык документалдуу тасма көрсөтүлүп, коомдук ишмердин жашоосун чагылдырган сахналаштырылган программа тартууланды.

Андан тышкары бир катар профессорлор, илимдин өкүлдөрү жана жогорку окуу жайлардын доценттери Кыргыз ССРнин компартиясынын Борбордук комитетин 24 жыл жетектеген Т.Усубалиевдин эмгектери тууралуу баяндамаларды окушту.

Турдакун Усубалиев — партиялык ишмер, 1961-1985-жылдары Кыргыз ССРнин компартиясынын Борбордук комитетин жетектеген. «Кыргыз Республикасынын баатыры» деген наамга ээ.

1945-1955-жылдары Советтер союзунун коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинде эмгектенген. Андан соң «Советтик Кыргызстан» гезитин жетектеген. Кийин компартиянын Фрунзе шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген. «Ленин» ордени менен 4 жолу, Октябрь революциясы, «Кызыл-Туу» ордени менен 2 ирет, I даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган. Ошондой эле ага «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси ыйгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

12.09.2019Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы: Нарын шаарында илимий конференция өттү
13.09.2019Кочкорлуктар Турдакун Усубалиевдин сүрөтүн акчага түшүрүүнү сунушташты
10.10.2019Нарын шаарында Турдакун Усубалиевдин эстелиги орнотулду (сүрөт)
18.10.2019С.Жээнбеков: Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылат
24.10.2019Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы: Нарын шаарында көргөзмө уюштурулду
29.10.2019Сүрөт — Турдакун Усубалиевдин темир тулпарын 43 жыл сактаган Ж.Абдылдаев унааны кимге тапшырды?
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×