Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 29.10.2019 16:33 На русском

Денеси оорукананын короосунда 2 айдай жаткан эркек кишинин өздүгү аныкталды

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Ош шаарындагы оорукананын короосунан табылган эркек кишинин өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош облустук клиникалык ооруканасынын короосунда эркек кишинин жансыз денеси эки айдан ашуун убакыттан бери жаткан. Маркумдун денеси 26-октябрь күнү табылган болчу.

Ош ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери маркум Кара-Суу районунун 1969-жылы туулган тургуну Э.Аскар экенин аныкташты. Ал эч жерде иштечү эмес, жубайы менен ажырашкан. Ата-энеси Кара-Суу районунда жашайт. Маркум үйүнөн чыгып кетип, Ош шаарынын аймагында баш калкалап жүргөн.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын короосунан белгисиз адамдын жансыз денеси табылганын жазган. Окуя 26-октябрда түнкү саат 00:00 чамасында болгон. Аталган оорукананын башчысы Талантбек Арстанкулов маалыматты тастыктап, 30-35 жаштагы адамдын денеси оорукананын короосундагы бак-дарактардын арасынан табылганын билдирген.

«Биздин оорукананын бак-дарактары жайгашкан жайда бир бурч бар. Ошол жерге селсаяктар келип жатышат. 26-октябрь күнү кароолчулар короону карап жатышып, чөптөрдүн арасынан адамдын эки бутун көрүп калышыптыр», - деген Т.Арстанкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×