Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 29.10.2019 13:15

«Фрунзе шаарынын архитектору»: Ошто Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата конференция өтүүдө

Turmush -  Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде Кыргыз ССРнин коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп 24 жыл иштеген Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Конференцияга коомдук ишмерлер Апаз Жумагулов, Абдубаит Тажибаев, Накен Касиев, Аманкелди Муралиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, мугалимдер жана студенттер катышууда. Иш-чаранын алкагында Турдакун Усубалиевдин эмгеги айтылып, Жогорку Кеңештин спикери Д.Жумабеков да сөз сүйлөдү.

«Т.Усубалиев өлкөнүн өнүгүшүнө опол тоодой салым кошкон инсан. Анын учурунда көп кабаттуу үйлөр, маданий жайлар, китепканалар, космостук изилдөө лабораториялары курулган. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов аны "Фрунзе шаарынын архитектору" деп атаган. Ал ар дайым баштаган ишин аягына чыгарган мыкты инсан болчу. Анын мекенчилдиги, жасаган жумуштары азыркыга чейин эл арасында айтылып жүрөт. Өлкөнүн жаратылыш байлыктарын, сууну сарамжалдуу пайдаланууда бараандуу салым кошкон», - деди спикер.

Ош облусунда 14 жыл эмгектенген коомдук ишмер Апаз Жумагулов да Т.Усубалиевди эскерди.

«Т.Усубалиев абдан акылман, эмгекчил киши эле. Ал өз мезгилинин улуу инсаны. Мен билгенден өзүн жумушка арнаган адам болчу. Эсимде, СССРдин бир таанымал мамлекеттик кызматкери "Турдакун Усубалиев Кыргызстан деген державаны түздү" деп айткан. Бул киши ар дайым бир мүнөздө жүрүп, эч качан өзүн көтөргөн эмес», - деди А.Жумагулов.

Конференцияда Ош шаарынын мэри жана өкмөттүн Оштогу өкүлүнө да сөз берилди.

Быйыл Кыргыз Республикасынын баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленип жатат. Ал 2015-жылы каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×