Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 28.10.2019 18:44 На русском

«Азыраак сүйлө, көбүрөөк жашайсың»: Администратор кызды муштады деген жигит окуяны айтып берди

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаарындагы кафелердин биринде администратор кызга кол көтөрдү деп шектелген кардар окуянын чоо-жайы тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди. Ошондой эле анын үстүнөн милицияга арыз жазган администратор кыз дагы үн катты.

Администратор кыз: - Алар тамактанга келишти. Тамактанып бүткөндөн кийин бири «Палооңор өлүп калыптыр го» деди. «Эмнеге?» деп сурасам, «жөн эле» деп коюшту. Эсептешерде «сиздер эмне тамак жедиңер эле?» десем, «эмне жегенибизди мен каяктан билем» деди. Эмнеге билбейсиз деп күлүп койсом, «азыраак сүйлө, көбүрөөк жашайсың, үкөм» деди. Мен унчуккан жокмун. Ошентип сүйлөнүп чыгып кетти. Эжемдер Алайга кетип жатышкан, аларды узатып коеюн деп сыртка чыксам, алар (кардарлар) унаада отурушуптур. Эжемдер менен коштошуп турсам, балдар унаанын терезесинен «эй, качпайсыңбы, чыккан жериңе киргизип жиберем» дешти. Колумдагы жүзүм менен чаап жибердим. Бирок ал тийген жок. Бирөөсү унаадан түшө калып, колума чапты. «Өлтүрүп салам. Сенин түбүңө жетем. Сен менин ким экенимди билбейт экенсиң. Көзүңдү оюп алам, айтып жаткан уят сөздөрдүн андан жаманына татыктуусуң» дешти.

Ал эми айыпталып жаткан И. администратор кыздын айыптарын четке какты. Анын айтымында, администратор кыз унаасынын жолуна «ушунча чоң жол турса, батпай жатасыңбы?» деп туруп алган.

Шектүү И.: - Мен эркек адаммын, болгон окуяны ачык айтып берейин. Аталган кафенин палоосун жакшы көргөндүктөн досум менен атайын палоо жегени бардым. Тейлөөчү чай алып келди, ал муздак экен. Чайыңар муздак экен десем, башка ысык чай алып келип беришти. Кийинчерээк палоону да алып келишти. Муздап калган палоону ысытып келиптир, даамы өзгөрүп калыптыр. Тейлөөчүнү чакырып, «жеп көрчү» десем, ал жеп көрүп, «жаман болуп калыптыр, акча төлөбөй эле коюңуздар» деди. Мен «ооз тийгенден кийин жеген тамагымдын акчасын төлөйм» дедим. Кафенин кассасына барып, администратор кыздан «канча сом болду?» десем, «мен каяктан билем» деп сүйлөндү. Кардарларга жакшы, сылык мамиле жасабайсыңарбы десем «азыраак сүйлөсөңүз, көбүрөөк жашайсыз» деди. Тамактын акчасын төлөп, сыртка чыктык. Унааны жүргүзүп жатсак жанагы кыз биздин унаанын алдына өчөшүп туруп алыптыр. Кач десем, «ушунча жол турса, батпай жатасыңбы?» деди. «Карындашым, кач» деп дагы бир жолу айттым. Сүйлөнүп, кыйкырынып баштады. Колунан сүйрөп, түртүп салдым. Жүзүм жеп туруптур, ошону менен бир чапты. Ал унаанын айнегине тийди. Ошол жерден экөөбүз айтыша кеттик. Мен аны уят сөздөр менен сөккөн жокмун. Кудай турат, жалган айтпайм. Ал кыздын айткан сөздөрүн айтууга болбойт. Кыз да сөгүнөт экен. Бизди ошол кафенин жумушчулары арачалап калышты. Бүгүн ошол болбогон нерсенин айынан арыз жазып коюптур.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×