Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 28.10.2019 16:50

Оорукананын короосунан табылган дене: Маркумдун каза болгонуна 2 айдан ашкан

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  26-октябрда Ош облустар аралык бириккен клиникалык оорукананын короосунан табылган белгисиз адамдын денеси чирий баштаган. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков тастыктады.

Turmush басылмасы 26-октябрда түндө Ош шаарындагы оорукананын короосунан 30-35 жаштардагы эркек кишинин денеси табылганын жазган. Маркумдун каза болгонуна эки айдан өтүп калганы белгилүү болду.

Аталган факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×