Бөлүмдөр
Ишемби, 16-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 16.10.2019 10:30

Саякбай Нарындагы эркин күрөштө унаа утуп алды

Turmush -  Нарын шаарында эркин күрөш боюнча чоңдор арасында өткөн республикалык турнирдин баш байгесине коюлган автоунааны ысык-көлдүк балбан Саякбай Усупов жеңип алды.

Мелдешке республиканын аймагынан келген 120 балбан катышып, 10 салмак чен бирдикте күч сынашты. Баш байгеге коюлган автоунаанын ээси жеңүүчүлөр (салмак боюнча) ортосунда ташталган чүчү кулактын негизинде аныкталды. Баш байге 79 кг салмактагы балбан Саякбай Усуповго тийди. Ал финалда нарындык балбан Бекжан Токтобеков менен беттешкен. Ага уюштуруучулар тарабынан «Honda Inspire» үлгүсүндөгү автоунаанын ачкычы тапшырылды.

Саякбай Усупов Азия чемпионатында бир нече жолу байгеге ээ болгон. Эл аралык класстагы спорт чебери. Учурда «Эмгек резервдери» спорт клубунда машыгат.

Турнирди Кыргызстандын эркин күрөш федерациясы уюштуруп, нарындык жеке ишкерлер демөөрчүлүк кылышкан. Мындай турнир Нарын шаарында биринчи жолу өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×